www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жарандык көзөмөл комитети” деп аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү кытайдын видео көзөмөлдөгүчтөрүн орнотууга каршы чыкты. Алардын келитрген жүйөлөрүнө ылайык, бул жарандардын укугун бузуп, коопсуздугуна шек келтирет.

Мындан улам жарандардын коопсуздугу үчүн ал видео көзөмөлдөрдүн иштешин толук ачыкталмайынча орнотууга мараторий киргизүүнү талап кылышууда.

Айтылгандарга ылайык, адамдын жеке маалыматтары кыянаттык менен пайдаланылып кетпеши үчүн техникалардын инфраструктуралык коргоосу канчалык мыйзамдуу экенине мамлекет кепилдик бериши керек. Андыктан көпчүлүктүн ичинде жайылтуугы ылйык келген мындай техникалар алгач, коомчулуктун талкуусуна коюулуп, адистер юридикалык баасын бериши керек.

Белгилей кетсек, октябр айынын аяк жактарында Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера алынып келип, Бишкектин “кооптуу” аймактарында орнотулуп баштаганын ИИМ билдирген.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча дагы 306 жерге видеокамера орнотуу пландалганы бар. Бул долбоордун алкагында Бишкек шаарынын алты кичирайонунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлган. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» кичирайондоруна да видеокамераларды орнотуу каралган.

Эске сала кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи баскычын кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы утуп алган. Эми алар жалпысы 2 654 558 940 сомго иш аткарышары белгилүү

Булак: NazarNews.kg

Последние новости