www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров элдик президент. Кыргызстан эми өзгөрүлөт. Мындай пикирин бүгүн, 7-декабрда Ютуб каналдардын бирине юрист Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров мындан кийинки жарым же бир жыл ката кетирсе дагы эл аны кечирет.

“Азыркы саясатчылардын арасынан президенттик жарыштын фаворити- Садыр Жапаров. Муну каршылаштары дагы, Жапаровчулар дагы айтат. Өмүрбек Текебаевдин интервьюсун көрдүм. Ал дагы ушул сөздү айтып жатат. Элдин Садыр Жапаровго ишеними чоң. Садыр Жапаров мындан ары жарым жыл, бир жыл бою ката кетирсе да, эл аны кечире берет. А бирок, бир жылдан кийин да туура эмес жол менен кете берсе, анда эл андан терс бурулуп кетет. Эгерде туура жолдо кетсе, эл кубаттап, колдоп алат. Жапаров башка саясатчылардан айырмаланып саясий куугунтуктун эң катуу формасын көрдү. Ошол факт дагы ага ишеничти өстүрдү.

Мен билбейм ким президент болот. Бирок Садыр Жапаров боло турган болсо, башка президенттерге караганда анын жоопкерчилиги 100 эсе чоң. Жапаровдун адашканга укугу жок. Азырынча Садыр Жапаров бир дагы чоң ката кыла элек деп айта алам”, – деди Медер Алиев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости