www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексикада аткезчилер ичинде 400дөй адам бар трейлерди эшиги бек бойдон трассага таштап кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү Azteca телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Контрабандачылар Веракрус штатынын түштүгүндөгү Акаюкан-Саюла-де-Алеман трассасында 400гө жакын мигрантты таштап кетишкен. Темир кузовдун ичинде аба түгөнүп бара жатканда ичиндегилер дүрбөлөң болуп, автоунаанын чатырын талкалай баштаган. Ызы-чууну уккан жергиликтүү тургундар аларды сыртка чыгарышты", — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, Гондурас, Сальвадор, Гватемала, Венесуэла жана Гаитиден келген мыйзамсыз мигранттардын көбү окуя болгон жерден качып кетишкен. Жерине келген укук коргоо кызматкерлери 93 адамга жардам көрсөтүп, алардын 12си ооруканага жаткырылды.

Кийин медиктер ооруканага түшкөндөрдүн арасында төрт метр бийиктиктен секирип буту сынгандар бар экенин айтышты. Ошондой эле көбүнүн организминде суу азайып кетип, эсин жоготкондор болгонун билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости