www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киреше бербеген мамлекеттик ишканалар жоюлат

Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Бакиров 28-июлда, жарым жылдык иштин жыйынтыгы чыгарылган жыйында сүйлөп жатып, айыл чарба тармагындагы майда чарбаларды ирилештирүү каралып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекеттик 24 ишкана чыгаша менен күн көрүп жатат, алар андан чыгуу боюнча жетиштүү иш жүргүзгөн эмес.

Маалыматка караганда, жоюла турган ишканалардын катарында "Стройзим" жана "Ателье" бар.

Чыгашадагы ишканалардын келечеги тууралуу айткан Мирлан Бакиров аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантында, же болбосо убактылуу башкарууга берүү пландалып жатканына токтолду.

"Жакында «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлдү, анын курамына сегиз мамлекеттик компанияны кошуу каралып жатат, алардын катарында Кара-Балтадагы спирт заводу да бар, бирок бул маселе аягына чейин чечиле элек", - деди Мирлан Бакиров.

Жыйынга катышкан экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов фонддун алдына мамлекеттик ишканалардан түшкөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү тенденциясын сактап калууну койду. Жарым жылда казынага мамлекеттин үлүшү бар компаниялардан 6,5 млрд. сом түшкөн, ал эми мамлекеттик ишканалардан бир млрд. сом табылган. Өткөн жылы мамлекеттин үлүшү бар ишканалар бюджетке 11 млрд. сом которгон, ал эми мамлекеттик ишканалар 2 млрд. сом таза пайда беришкен.

Жыйында мамлекеттик ишканалардын ишинин майнаптуулугун арттыруу, колдонулбай жаткан резервдерди жеке тараптар менен биргелешип натыйжалуу пайдалануу талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик компаниялар тууралуу маалыматтарды коомчулукка жана ишкерлерге толук көлөмдө ачыктоо каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости