www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында бизнесмен, USM Holdings'дин уюштуруучусу Алишер Усманов Орусиянын көркөм гимнастика боюнча курама командасынын башкы тренери Ирина Винер-Усмановага берген доосун соттон кайтарып алды. Президенттин кудасы Алишер Усманов 1992-жылы баш кошуп, ырыс -кешикте жашар келаткан «хотини» Ирина Винер көзүнө көрсөтпөй жоготуп, ажырашмай болгон.

Анткени, Батыш койгон санкциядан улам Алишер Усманов миллиардаган доллар акчасынан айрылып, жинин чыгаргысы келип турган. Ажырашуу процесси Москва шаарында 2022-жылдын 7-июнунда болмок. Албетте, бул ажырашууда Алишер Усманов доогер, ал эми анын миллиардарынан ажырагысы келбеген түбү еврей Ирина Винер  жоопкер катары катышты. Сот ажырашуу боюнча иш өндүрүштөн алып салганын билдирди.

Төрт орусиялык олигарх – Алишер Усманов, Роман Абрамович, Михаил Фридман жана Петр Авен Евробиримдик киргизген санкцияларды жокко чыгаруу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылды.Wall Street Journal гезити Евробиримдик ар бир олиграхтын арызын өз-өзүнчө карай турганын белгилеген.

Алишер Усманов жана анын карындашы Гүлбахор Исмаилова санкцияны жокко чыгаруудан тышкары ЕБдан 20 миң доллар өлчөмдө соттук чыгымдарды төлөп берүүнү да талап кылууда.

The Wall Street Journal жазгандай, Усманов арызы сотто тез каралышына аракет жасоодо. Усманов муну санкциядан улам бир нече коммерциялык келишимдер жокко чыгарылганы, анын кесепетинен үч компаниясы банкрот болуу алдында турганы менен түшүндүргөн. Бирок өткөн айда сот Усмановдун өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Улуу Британия ТИМинин маалыматына караганда, мартта Алишер Усманов санкциялык тизмеге киргизилгенден кийин ал активдеринин бир бөлүгүн карындашы Гүлбахор Исмаиловага берген. Исмаилова "Дилбар" яхтасынын жалгыз ээси да болуп эсептелет. Исмаилованын Улуу Британиядагы бардык активдери тоңдурулган, анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган.

Гүлбахор Исмаиловага Ташкенттеги Федорович атындагы Клиникалык санаториянын 82,1 % акциясы да таандык. Еврокеңеш санкциялык тизмеге Алишер Усмановдун дагы бир карындашы Саодат Нарзиеваны да киргизген. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Нарзиеванын швейцариядык банктарда 2 миллион доллардан ашуун акчасы бар экенин жазышкан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Улуу Британия Москвага каршы бир нече санкциялар топтомун киргизген. Аларга ылайык, Владимир Путин, Сергей Лавров, миллиардер Роман Абрамович, "Роснефттин" директорлор кеңешинин төрагасы Игорь Сечин, "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллер жана Путин менен Лавровдун кыздары чектөөлөргө кабылган.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Евросоюздун санкциялык тизмесине киргизилгени үчүн Европа сотуна кайрылган,андан деле жарытылуу натыйжа чыккан эмес. Миллиарддарынан ажыраган  бизнесмен Европа Кеңешине каршы арызданганы «текей тергнендей» эле болду. Алишер Усманов – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кудасы.

Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, доогер Кеңештин ага карата киргизген чектөөлөрүн жоюп, сот чечими чыкканга чейин тыюу чараларынын аткарылышын токтотууну талап кылууда.Европа биримдиги Усмановго каршы Орусия Украинага кол салгандан төрт күндөн кийин – 28-февралда санкция киргизген. 4-мартта санкциялык тизмеге андан тышкары орусиялык бизнесмендер Михаил Фридман, Петр Авен жана Алексей Мордашев да киргизилген.

Талдоочулар орусиялык бизнесмендер 2022-жылдын башынан бери 45 миллиард долларынан ажыраганын эсептеп чыгышкан. Алишер Усманов 1,63 миллиард долларынан кол жууган. Евро Биримдик  Песков баш болгон 25 орусиялыкка санкция жарыялады. Көптөгөн саясатчылардын арасында Алишер Усманов да бар.

Алишер аке Путиндин этегине «тооп» кылып кудайында сыйынып жүргөн, ага санкция жарыяланып, акчасынын бары тоңдурулар менен кылтылдай баштады. Ал Эл аралык фехтования федерациясын башкарууну токтотуп, актанып чындык издей баштады. Миллиардер Алишер Усманов Путинге кудайындай сыйынбай өз байлыгын аман сактап калууну ойлой баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости