www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Хожент шаарында болгон беш автоунаанын катышуусундагы жол кырсыгына байланыштуу Согди облустук Жол кайгуул кызматынын автоунаа номурларын берүү бөлүмүнүн башчысы Бахром Азаматов иштен алынды.

Маалым болгондой, 3-октябрда болгон кырсыктан шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү каза болуп, дагы эки киши жаракат алган.

Өз булактын айтымында, Азаматовдун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча тергөө иштери аяктап, жыйынтыктары прокуратурага жөнөтүлдү. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Бахром Азаматов жол коопсуздук эрежесин одоно бузуп, милиция кызматкеринин өлүмүнө себепкер болгон.

Белгилей кетсек, 3-октябрда 33 жаштагы Бахром Азаматов Хожент шаарында Mercedes-Benz GL үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып кетип, укук коргоо органдарында иштеген Акбар Гаффорзоданын автоунаасы менен сүзүшкөн. Анда кырсыктан Гаффорзода каза болуп, эки киши ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Мындан тышкары бул кырсыктан Mercedes-Benz жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү башка эки автоунаа зыянга учураган.

Эске салсак, буга чейин айрым басылмалар өз булактарына таянып, Азаматовдун 23 жаштагы иниси Рустамхужы Азаматов да кармалып, кылмыш иши козголгонун жазып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча кырсык болгон түнү автоунааны Рустамхужы айдап жүргөн.

Быйыл жыл башынан бери Согди облусунда 224 жол кырсыгы катталса, алардан 208 киши каза болуп, 231и жаракат алган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости