www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы күрөшүү жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн 1,5 миллиард евродон ашык карыз алуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду. 

Маалыматка караганда, Казакстан Азия өнүктүрүү банкынан 908 миллион евро алат. Өлкө анын 454 миллионун беш жылда, калган бөлүгүн 10 жылдын ичинде кайтарып бериши керек. Мындан тышкары Азиянын инфраструктуралык инвестициялар банкы Казакстанга он жылдык мөөнөткө 661 миллион евро карыз берет.

Казакстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражат республикалык бюджеттин тартыштыгын жабууга багытталып, коронавируска каршы күрөшүү чараларын, калкты социалдык жактан коргоо, иш орундарын түзүү жана экономиканын реалдуу тармактарын колдоо үчүн пайдаланылат.

2020-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 152,7 миллиард долларды түзсө, анын 80% ашыгы жеке тармактын милдеттенмелерине туура келет. Мамлекеттин тышкы карызы 12,3 миллиард долларды түзөт. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 6,7% түзөт.

Казак бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал жарыялагандан кийин, карантинден жабыркаган экономиканы колдоого 5,9 триллион теңге (14 миллиард долларга жакын) бөлгөн. Бул сумманын 191 миллиард теңгеси (454 миллион доллар) түздөн-түз пандемияга каршы күрөшүүгө жумшалса, калган бөлүгү карантинден улам кирешесиз калган жарандарга, бизнести колдоого жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча чараларды ишке ашырууга бөлүнгөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости