www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түштүк чек арадагы Сюник облусуна болгон иш сапары маалында Горис, Капан жана Мегри шаарларын дагы кезе турганын алдын ала жарыялаганына карабастан, бул оюн өзгөртүп, 21-декабрда борбор шаар Ереванга кайтып келди.
Пашинян өзүнүн жеке Facebook баракчасына Горис шаарына карай кетчү автожол нааразылык чараларын уюштуруучулар тарабынан тосулуп турганын жана аза күтүү күндөрү аларга каршы күч колдонуудан баш тартаарын билдирди.
“Бүгүн биз Сюникте калайык менен жолугуштук, набыт болгон сюниктик жоокерлердин мүрзөлөрүнө барып аза күттүк. Бул жүрүм улантыла бермекчи. Биз чагымдарга эч алдырбайбыз”. – деп жазган Пашинян.
Ошондой эле ал Сюник облусунун Сисиан шаарындагы көрүстөнгө келип, Тоолуу Карабактагы согушта курман болгон жоокерлерди эскерди.
Пашиняндын айтымында, 21-декабрда чек арада жүргүзүлүп жаткан демаркация иштери 2010-жылы кабыл алынган Армениянын аймактык бөлүнүшү тууралуу мыйзамда алдын-ала такталган болчу.
“Сюник облусуна Армениянын чек арачы аскерлерин жайгаштыруу - өлкөнүн чек ара коопсуздугун чыңдайт жана өлкө орток коопсуздук системасына кошулууда”, - деди Пашинян. Бул сөзү менен ал Армениянын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчөлүгүн дагы бир ирет эскертти.
Эскерте кетсек, Сюник облусунун бир катар тургундары дүйшөмбүдө таңга маал Горис шаарына кетчү жолду бууп, Пашиняндын бул шаарга өтүп келишине бөгөт жасашкан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg