www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада жекшемби күнү өткөн ММА боюнча мелдеште чыр чыгып, октагондо массалык мушташ болду. Бул тууралуу R-Sport маалымат булагы жазды.

Окуянын видеосу Twitter тармагына чыкты. Анда чырдашкандардын арасында өзбек тилинде сүйлөгөндөр бар. Октагондо Кыргызстандын желегин жамынган мушкер да турат.

Мелдешти R3 Fighting Championship уюму өткөргөн. Анын жүрүшүндө адегенде мушкерлерди коштогон тарапташтардын ортосунда кайым айтышуу болуп, ал массалык мушташка айланган. Бир катар көрүүчүлөр да тордун тосмосунан ашып өтүп жаңжалга катышкан.

Уюштуруучулар мушташкандарды ажыратып, чырды токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости