www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Бишкекке келди

28-июнда түрк коргоо министри Хулуси Акар баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул расмий иш сапар тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигинин сайты кабарлады.

28-29-июнга белгиленген бул сапардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу өтөрү кабарланды. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө маселелер талкууланат.

Ошондой эле Акар “Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барат.

Буга чейин Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы кабарланган. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун 9-июндагы Анкара сапарынын алкагында макулдашылганын тышкы иштер Руслан Казакбаев билдирген. Бирок анда Анкара аскердик тармакта кандай жардам көрсөтө турганы так айтылган эмес.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости