www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнө коронавирус пандемиясынан сабак алып, жаңы эпидемияларга даярдык көрүшү керектигин белгиледи. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

Анын айтымында, жаңы эпидемияларды алдын алып, аны эрте аныктоо үчүн башынан даярдык көрүп, колдон келген аракеттин баарын жумшоо зарыл.

«Азыркы пандемия бизге сабак болушу шарт», — деген Гебрейесус.

Гебрейесус коронавирус пандемиясы тууралуу айтып жатып, жалпылап алганда вируска каршы бардык вакциналардын 77 пайызы дүйнө жүзү боюнча болгону 10 мамлекетке гана туура келерин кошумчалаган.

Ошондой эле ал кирешеси көп мамлекетте калкынын аялуу жана тобокелчиликке кирген катмарын эмдөө үчүн мурдагыдай вакцина жетишсиз болуп жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости