www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

SpaceX уюму Кыргызстанда Starlink компаниясынын өкүлчүлүгүн ачууну караштырып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Дастан Догоев Starlink Market Access ишканасынын улук менеджери Брайан Шепис менен жолуккан.

"Жолугушууда алыс жерлерди, өлкөнүн алыскы райондорундагы социалдык объектилер жана мектептерди, ошондой эле калктын аярлуу катмарын жогорку ылдамдыктагы жеткиликтүү интернет менен камсыздоо маселеси талкууланды. SpaceX компаниясы техникалык талаптардын тизмеси боюнча кошумча маалымат сурап, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Starlink — бул жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын камсыз кылуу үчүн SpaceX тарабынан орнотулган глобалдык спутник системасы. Программа дүйнө жүзүндөгү интернет байланышын жакшыртууга жана кеңейтүүгө багытталган. SpaceX уюму долбоордун алкагында 2021-жылдын сентябрына чейин 11 миңден ашуун спутникти учурууну пландаган.

Божомолго ылайык, бул бүтүндөй жер жүзүнүн калкын жеткиликтүү жана ылдам спутниктик интернет менен камсыздайт.

Starlink программасын инвестициялоо 10 миллиард доллар деп бааланууда. StarLink үчүн бир айлык абоненттик төлөм 99 долларды түзөт. Интернетти колдонуу үчүн антеннасы жана Wi-Fi роутери бар терминалды сатып алуу зарыл. Комплект алууга 500 доллар жетиштүү болот.

SpaceX белгилегендей, спутниктик интернетке кошулуунун баштапкы этабында жабдууларды орнотууга болжол менен беш мүнөт убакыт керектелет. Кийинчерээк ал үч мүнөткө чейин кыскарат. Ал эми орнотуу үчүн кандайдыр бир атайын билим талап кылынбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости