www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

33 миллион евро же 3300 000 000 сом коротулуп каралып жаткан кодексте милициянын укуктарын азайтып прокуратура, сотторго көп укуктар берилди. Кодекске байланышкан долбоор иштелип чыкты. Мында практика жүзүнө колдонулган көптөгөн келишпестик нормаларды карап, талданды. Жалпы 285 кодекске өзгөртүүлөр кирди. Мисалы, дал келбестиктер, карама-каршылыктарга абдан катуу көңүл бурулду. Жазалануучулардын жана жабырлануучулардын укуктарын карап, аларды сактаганга аракет кылышты. Ошондой эле, бардык кылмыштардын жазаларын жеңилдетти. Жарандар ар кандай дооматтарды айткандыгына байланыштуу булардын баары эске алынды. Андыктан сот гана акыйкат чечим чыгарышы керек деген максатта, аларга көп укуктар берилди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2021-жылы 28-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетининин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2019-жылы ишке кирген кодекстерди иштеп чыгууга жалпы 33 млн. евро кеткенин маалымдады. Зулушев: “33 миллион евронун тагдырына тапшырма берсеңер, иликтесе болот. Бирок таяктын эки учу бар. Ал биздин эмес, жардам акча экен. Мамлекет тарабынан макулдукка гана кол коюп берген. Эл аралык өкүлчүлүк акчаны өздөрү бөлүштүргөн”.

Зулушев учурда кодекстерди иштеп чыккан прокуратура кызматкерлерине кошумча каражат бөлүнбөгөнүн маалымдады. Депутат Кожобек Рыспаев тарых үчүн 33 млн. еврону кимдер алганын аныктоо керек экенин билдирди. 2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.Жаңы кабылган кодекстер жөнүндө иликтөө жасалып келатат. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «джиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айтты. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом) , өтүгү миң доллар (84 500 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар(кийип 8 млн 300 миң сом). Ушулардын ана башы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголуп, кызматынан кеткен. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалып, 2021-жылы бошогон.

Жогорку Соттун маалымат кызматы мекеменин төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматка жооп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Гүлбара Калиевага «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган. Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген. Жогорку Сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертип, жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин ал күнөөсүз деп саналарын айтууда. «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча долбоор Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, аткаруучу компанияны тандоо иши эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Жогорку соттун Сот департаментинде 2 миллион 385 миң сомдук жемкорлук аныкталганын билдирген. 2018-жылы IT компаниялардын бири менен жасалма келишим түзүлүп, коррупциялык схеманын катышуучулары ошол акчаны өзүнө ыйгарып алышкан. УКМК ушул эле IT компания Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айыпталган иште да шектүү катары өтүп жатканын белгиледи жана "Адилет сот" мекемесинин долбоор жетектөөчүсү кармалганын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан. Калиева өзү сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын айткан. Ал Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген. Быйыл 5-февралда УКМК Калиева дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлаган.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн сурагына барбай, ар кайсы шылтоо менен амалданып атканы эмнени билдирет? Кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш ишинен качуубу? УКМК болсо Калиеванын тергөөнү тоготпой жатканын расмий жарыя кылды. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголуп, УКМК, прокуратура, ички иштер министрлиги тарабынан алдын ала кылмыш иштерин тактоо үчүн тергөөгө чакырылса, мыйзам чегинде расмий чакыруу (повестка) кагазы берилсе, анда эч кандай шылтоосуз, кынтыксыз келүү керектигин жакшы билсе керек.

Атайын УКМКнын расмий чакыруусуна 1-2 жолу келбесе, мыйзам чегинде күч менен алып келүү талабын унутпаган чыгар. Чакырганда келбеген Кой-Таш окуясын эстеп койсо жакшы болмок. Эгерде күнөөсү жок болсо, тергөөгө келип, тактап, өзүн далилдеп албайбы? Күнөөсү жок болсо акталсын, бар болсо камалсын. Баары мыйзам чегинде болгону жакшы.

Экинчиден, эгерде мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошсо, укук коргоо органдары, сот, прокуратура кызматкерлери мыйзамдуулукту сактап, ынтымакта иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүүсү кажет. Калиева «тазамын» деп эсептесе, УКМК менен кызматташып, өз эркинде тергөөгө келгени абдан маанилүү болмок. Ал эми кайсы бир деңгээлде өзүнө ишенбей турган болсо, анда ар түрдүү шылтоолорду ойлоп чыгып, жоопкерчиликтен качуунун аракетин жасайт. Ушундай алдым-жуттумдан улам Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызматынан айдалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости