www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан ресторанга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
поминки по сестре бабанова, штраф выписан pic.twitter.com/TIDdHaDeOX
— Гуля Алмамбетова (@GulyaAlmambet) June 11, 2020
Бабановдун эжеси Эркеайым Бабанова апрель айынын башында каза болгон. Бул учурда журналист Марат Уралиев "Кайнар" ресторанындагы кишилердин саны уруксат берилген чектен көп экени тууралуу материал даярдап жүргөн.
Жогорудагы видеотасмадан Аалы Карашевге окшогон кишини да көрүүгө болот. Тасмада болгон окуяга Карашев көңүл бурбай өтүп кеткен.
Бул тууралуу депутаттын өзү: "Бул жерде адам жоготуу, кайгы болуп жатат. Анын эжеси буга чейин өзгөчө абал учурунда каза болгон экен. Барып бата кылып келдим. Ресторанда анчалык деле эл көп болгон жок. Канча экенин так билбейм. Кесиптештерибиз болду", - деп эл өкүлү комментарий берген.
Буга чейин республикалык штабдын жыйынында Кубатбек Боронов массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйгөнүн айткан.
"Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда", - деп айткан Боронов.
Булак: NazarNews.kg