www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-июндан баштап Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Кең-Булуң" автожол өткөрүү жайы иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, казак тараптын демилгеси менен "Кең-Булуң" автожол өткөрүү жайы бир гана бош жүк ташуучу унаа каражаттарынын өтүшү үчүн ачылды (атайын көрсөтмө болгонго чейин). Муну менен башка өткөрүү жайларындагы жумуш жеңилдеп, бош жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Ошондой эле, Чүй облусунда "Ак-Тилек", "Чалдыбар, "Кең-Булуң" жана Талас облусунда "Чоң-Капка" автожол өткөрүү жайлары да иштеп жатат.

Ал эми "Ак-Тилек автожол" жана "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайларында өкмөттүн талаптарына ылайык, жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости