www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциядагы нааразылык акциясына чыккандар менен кагылышууда  укук коргоо органынын 150 кызматкери жабыркаганын өлкөнүн премьер-министри Себастьян Лекорню билдирди.

Ишемби күнү Франциянын бардык аймактарында камбатчылыкка каршы массалык нааразылык акциялары өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акцияларга 550 миң адам катышкан, алардын 110 миңи Парижде болгон.

Бир нече жумадан бери нааразылык билдирип жаткан жогорку класстын окуучулары менен студенттерге ультра солчул активисттер, “сары жилетчендер” кыймылынын тарапкерлери, таксисттер, медайымдар, куруучулар жана кесиптик бирликтердин өкүлдөрү кошулган.

Нааразычылыкка чыккандар кымбат баалуу бренддердин дүкөндөрүн да талкалашкан. ЖМКлардын маалыматына ылайык, Лимож шаарында демонстранттар 143 жылдан бери турган, бийиктиги 43 метр болгон мэриянын тарыхый коңгуроо мунарасын өрттөп жиберишкен.

Последние новости