www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Госдумасынын 2-4 чакырылыштарынын вице-спикери Сергей Бабурин кыргыз элине президенттик шайлоо тууралуу кайрылуу жасады. 

Орусиянын экс-вице-спикери: "Орусия Кыргызстандын калкынын өмүрүнө эч качан кайдыгер караган эмес. Биздин калк ар дайым жашоосун бир туугандардай чың мамиледе чогуу өткөрүп келген. Эгер бир тууганыңдын үйүндө жамандык болсо, ага жардам бербестен көңүл кайрып, кайдыгер калуу- адепсиздик. Ар бир башыбызга келген жамандыкты бирге өткөрүшүбүз керек. Биз биргеликте чындык жана акыйкаттык үчүн, шайлоолордо калктын кызыкчылыгына көңүл буруп, эл каалаган ишеничтүү, бош сөз сүйлөбөстөн, айтканын кылган адамды башчылыкка алып келүүбүз зарыл... 

... Биз үчүн Кыргызстандагы шайлоо эртереек өтүп, Өлкөнүн азыркы учурдагы туңгуюктан бат чыгуусу маанилүү. Мен Кыргызстанда көп жолү болгом. Бир гана Бишкек менен Ысык-Көлдө эмес, көп жерлерин кыдыргам жана калктын кандай жашаганын да көргөм. Азыркы учурда Кыргызстан үчүн мыкты тарапка өзгөрүү доору келди деп эсептейм. Жана мыкты мамлекеттик ишкер Адахан Мадумаровго окшогон, адамдык сапатында бир гана алсыздыгы- ачык мүнөздүгү болгон, жүрөгүндө кири жок, Өлкөсү үчүн баардык жакшылыкты каалаган адам Кыргызстанды бул туңгуюктан чыгарып кете алат. Ошондуктан, дал ушул Адахан Мадумаровго окшогон жакшы политиктердин убагы келди деп ишенем."- деп айткан. 

Ошондой эле, Сергей Бабурин кыргыз калкын үйдө отурбастан шайлоого катышып, "керектүү" адамга добуш берүүгө үндөгөн. 

Буга чейин ансыз деле Мадумаров Орусиядагы кыргыз жарандары менен мыйзамсыз үгүт иштерин өткөрүп жүрөт деп жаңжал чыгып, Башкы прокуратура БШКга арыз жиберген учуру болгон эле. Эми азыр жада калса Путин Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу сөз сүйлөй электе, Орусиянын депутаттары мынтип Мадумаровду ачык колдоп чыгуусунун себеби түшүнүксүз...

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости