www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте дүйнөлүк футбол жылдызы Диего Армандо Марадонаны акыркы сапарга узатуу аземи учурунда полиция резина ок менен көздөн жаш чыгаруучу газ жана травматикалык курал колдонууга аргасыз калышты.

Он миңдеген футбол күйөрмандары Буэнос-Айрес шаарындагы президенттик сарайдын алдына чогулуп, футбол легендасы менен коштошушту. Күйөрмандардын катарында бир жарым чакырымдан ашык узун кезек тизилди. Көп өтпөй, акыркы сапарга узатуу зыйнаты коштошууга караганда футболдук беттешке окшошуп кетти.

Күйөрмандар Марадонанын табытына жакын болуш үчүн тосмолорду бузуп, дарбазаны ашып өтүүгө аракет кылышкан. Натыйжада, коштошуу залына кирүү мүмкүнчүлүгү такыр эле жабылган.

Жергиликтүү полициянын тартипти орнотуу аракети кагылышуу менен аяктады. Коопсуздук күчтөрүнө таштар жана бөтөлкөлөр ыргытылды. Полиция суу аткычтар, көздөн жаш агызуучу газ жана резина окторду колдонгон. Маалыматка ылайык, бир нече адам жаракат алды. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости