www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парижде "Дүйнөлүк коопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоорунун 24-беренесине каршы демонстрация болду. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты.

Саат 14:00 чамасында башталган митинг тынч өтүп баштаган. Бир жарым сааттан кийин, тынчтык демонстрациясына кара кийимчен жоон топ адамдар кошулду. Алгач алар полицияга акарат келтирип, андан кийин күч органдарына бөтөлкө жана фейерверк ыргыта башташкан.

Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, артка чегинишкен.

Маалымат үчүн, шейшембиде Франциянын Улуттук Ассамблеясы "Глобалдык коопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документтин 24-беренесине ылайык, "дене-бой же акыл-эс бүтүндүгүнө зыян келтирүү максатында" полиция кызматкерин же жандармды "бетинин сүрөтүн же идентификациялоонун башка элементин" таркаткандыгы үчүн айыпталуучуну "бир жылга эркинен ажыратуу жана 45 миң евро айып пул салуу” мыйзамы кабыл алынган.

Журналисттик кесиптик уюмдар бул мыйзамга каршы чыгышкан. Алар документ күчүнө киргенден кийин массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана жарандар коопсуздук кызматтарынын ишин митингдерде жана нааразычылык акцияларында эркин тасмага түшүрө албай калабыз деп кооптонуусун билдирип келишкен.

Бирок, ага карабастан бийлик журналисттерди аталган мыйзам ишине бөгөт койбойт деп ишендирип келишкен. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости