www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, ЕвроБиримдик Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын парламенттик шайлоонун жылдырылышына байланыштуу буга чейин жарыяланган пикирин кубаттайт.

«Биз Венеция комиссиясынын бул маселе боюнча сунуштарын колдойбуз, эми кыргыз бийлиги бул позицияга баа бериши керек. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын бул маселе боюнча алдыдагы чечими актуалдуу болот. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы мүмкүн болгон конституциялык өзгөртүүлөрдүн акыркы долбоору боюнча корутунду берүү өтүнүчү менен Венеция комиссиясына кайрылгандыгын эске алдык. Бул республикага аталган маселе боюнча комиссиянын экспертизасынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет», - деп айтылат билдирүүдө.

Документте ЕвроБиримдик ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун өлкөдөгү калкты маанилүү болгон мамлекеттик кызмат менен камсыз кылууда саясий партиялардын плюралисттик тутумун жана саясаттын баркын көтөрүү, олутту көйгөй экенин мойнуна алганын жана ага каршы аракеттерин бириктирүүгө болгон ниетин кубаттай тургандыгын белгилейт.

"Евробиримдик ошондой эле Кыргызстанды колдой тургандыгын дагы бир жолу тастыктайт жана өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү жарандык коомдун толук катышуусу менен жана кыргыз элинин мыйзамдуу талаптарын эске алуу менен конструктивдүү жана инклюзивдүү диалогго негизделген саясий процесстерге катышууга чакырат ”, - деп айтылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости