www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктун Libra санариптик валютасы 2021-жылдын январь айында ишке киришиши мүмкүн. Долбоордун башталышынын так датасы Швейцариянын каржы рыногу боюнча органы тарабынан кайсы күнгө бекитилгенине байланыштуу болот.

Маалыматка ылайык, криптовалюта чектелген форматта чыгарылат. Валюта рыногундагы ушак-айыңдарга караганда, Libra ассоциациясы биринчи бир гана тыйын чыгарат, анын артынан доллар тарабынан колдоого алынып бирден-бир катышта чыгарыла баштайт.

Криптовалюта алгач 2020-жылдын биринчи кварталында глобалдык стартка даярдалган. Бирок, Libra ар кайсы өлкөлөрдүн бийликтеринин башчылары тарабынан катуу сынга кабылып, инвесторлор ага кызыгуусун жогото баштаган. Буга байланыштуу криптовалютанын дүйнөлүк рынокко чыгуусунун мөөнөтү дээрлик бир жылга кечигип чыгууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости