www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычындагы дамба жырылып жаткан учурда тик учактан алынган уникалдуу кадрлар социалдык тармактарда жарыяланды.

Буга чейин маалымдалгандай, Сардоба суу сактагычындагы дамбалардын бириндеги жарылуу 1-май күнү эрте менен болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, кырсык "нөшөрлөп жааган жамгырдын жана гельдин кесепетинен" болгон. Бирок өзбекстандык адистер суу сактагыч курулуп жатканда коррупциялык иш-аракеттер орун алган. Анын натыйжасында курулуш материалдарынын жарымы сол чөнтөккө кетип, курулуштун сапаты начар болуп калган.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуядан улам 56 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылганын билдирди. Мындан тышкары 70 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алар мектептерде, колледждерде, ишканаларда жайгаштырылып, жабыркагандардын айрымдары коңшу райондордун жашоочулары тарабынан кабыл алынган.

Адамдарды эвакуациялоо учурунда Өзбекстандын Улуттук Гвардиясынын эки кызматкерин сууга агып кетишкен. Алардын биринин сөөгү табылып, экинчисин издөө иштери улантылууда. Сардоба суу сактагычы 2017-жылы курулган, анда 922 миллион кубометр суу сакталган. Аталган кырсыктын кесепетинен буга чейин 13 жаштагы кыз 9 жаштагы иниси менен дүкөндөн келе жаткан жеринен агып кетип, көз жумушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости