www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Мелис Аспеков депутат Кубанычбек Жумалиевдин телеканалдардын биринде сүйлөгөн сөзү тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Жарандык активисттин билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Азыр эле Кубанычбек Жумалиев менен “Санат” телеканалынын түз эфиринен чыктым. Жумалиев эркекче сөзүн берди. “Эртең 7 каналдан саат 10:00 Жапыкеев менен түз эфирге чыгам” деп, эч качып кетпеймин дейт. Негизи мен эфирге барганым, эң негиздердин бири, экөөнү бетме бет эфирге алып чыгуу болгон. Максатыма жеттим, сиздерге рахмат.

P. S. Кубанычбек Жумалиев ыйык Куранды колуна кармап, “мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин, эч качан пара алган эмесмин”, деп ант берди, “байлыгым 1 млн. $ ашык эмес” дейт. Эмне дейбиз, Кудайга койдук... Бирок, жеке мен ишенгеним жок, себеби байлыгын текшергенге комиссия түзүлбөсүн дейт, эмне жашырганы бар?”,-деп жазып чыкты Мелис Аспеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости