www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Рыскелди Момбеков 5500 сомдук айлык акыга каршы чыкты

Дастан Бекешев депутаттардын 5 миң 500 сомго чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун жазган. Айрым депутаттар буга каршы чыгууда. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков бул айлык аз экенин айтып, чыркырап, айрым маалымат булактарына билдирген.

--“Мен 5 миң 500 сомдук айлык акыга каршымын. Мен бул мыйзам долбоорун колдобойм. Бекер иштейм деген бай адамдарга багытталып калат. Парламентте бай депутаттар бар, 5 миң долларлык айлыкты дагы тоготпойт. Ал эми карапайым эл ичинен чыккан  депутаттар иштеп жүрүшөт. 5 миң 500 сом үчүн ким иштейт?  Айылдардан шаарга келип кантип жашап, иштейт. Эч  нерсеге жетпейтда. Депутаттардын жардамчыларынын, жөнөкөй кызматкерлердин айлыгынан дагы аз болуп калат. Депутат кантип элге жолугушууга чыгат, ал акчаны жеткирүү мүмкүн эмес. Мен буга кошулбайм”, - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости