www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөшсөң, коррупционерлер сени менен күрөшөт дегендей болуп, ыгы келбесе да атымды ар кайсы жерге чаптап, каралоого аракет кылгандар пайда болду. Бул тууралуу «Мегаком» компаниясынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков бүгүн, 18-январда NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

- «Мегакомго» бара калып эле Жапыкеевди колго алуунун аракетин көрдүңөрбү?

- Мен Сыймык Жапыкеевге жаңы жылдын алдында календарь бермек түгүл аны көргөн да эмесмин. Бирок, Жапыкеевге байланыштырууга аракет кылып, менин атым жазылган маалыматты окудум.

Ал жерде маселе мен жөнүндө эмес, Азамат Жамангулов жөнүндө болуп жатат. Ал Жапыкеев текшербесин деп айфон берип жиберди деген маалымат айтылып, Жапыкеев «мен айфон алган эмесмин, айфонго алданып калбайм» деген видеосу тарады.

Кыскасы, коррупция менен күрөшсөң, коррупционерлер сени менен күрөшөт дегендей болуп, ыгы келбесе да атымды ар кайсы жерге чаптап, каралоого аракет кылгандар пайда болду.

- Акыркы мезгилде популярдуу болуп кеткен Бакай Кашкарбаев «Мекенчил» партиясынын мүчөсүбү?

- Бакай Кашкарбаев «Мекенчил» партиясынын мүчөсү эмес. Ал өзүнчө эле жүргөн активист. Ал былтыр өткөн 2-марттагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде эле Садыр Жапаровду колдоп сүйлөгөн. Анын «Мекенчил» партиясына тиешеси да жок. 

Акыркы мезгилде «Мекенчил» партиясын жаман көрсөтүүнү калагандар аны биздин партияга кошуп, жаман атты кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости