www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун абалы жакшы. Бул тууралуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирген.

Ал тургай Садыр Жапаровдун өзү сүйлөгөн видеотасмасы пайда болду. Тасмадан, Жапаровдун, “Мындай кадамга эмнеге барганымды билбейм, шок абалында болчумун, эмне болгонун билбеймин”  деген жана башка сөздөрү бар.

Эске сала кетсек, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн. Учурда абалы жакшы.

Ал эми 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кетип камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүн төмөнкү тасмадан көрсөңүздөр болот;

Последние новости