www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек – Ош унаа жолунда президентикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн үгүт баннери илинип турат. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, видеотасма кечээ, 18-ноябрда тартылган. Автор баннер Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында илинип турганын айтат.

“БШК эмнени карап отурабыз? Бул Бишкектен Ошко карай кеткен жол. Шайлоо кампаниясы баштала элек, ал эми административдик ресурсту колдонуу башталыптыр” – дейт видеонун автору.

Ал бул боюнча БШКдан тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости