www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саймаити кайсы, кимдин акчалары тууралуу айткан? Далилдерди ким бурмалап жатат? Азыр чечмелейбиз... Көңүл буруп окуңуздар!

“Азаттыктын” иликтөөсүндө биз Саймаити айткан “акчаларды адалдоо” жолу менен акча которуп турушканын бир нече кытай ишкерлердин моюндаганын көргөнбүз. Банктар аркылуу бир өлкөдөн экинчи өлкөгө акчаларды айдап, пайызына миллиондогон пайдаларды таап турушкан профессионалдарга эмне болду? Болбосо бул туурасында маркум Саймаити да анын Кыргызстан аркылуу акча которуу кызматынан пайдаланып келишкен өзбекстандык коммерсанттары боюнча да айткан. Баарыбыз билебиз, Өзбекстанда мындай операцияларды жасоого болбойт. Ал эми акчаларды кандай гана жол менен болбосун сыртка-товарга (же товардан түшкөн акчаны) чыгарып туруу керек. Саймаитинин өзбек ишкерлери менен мамилеси жакшы болгон, бирок, ага Кыргызстан банк системасынан мындай операцияларды жасоого ким жол берген? Бул деген катардагы адамдар которгон 200-300 доллар эмес, ал миллиондор менен мындай иштерди кылып келген. Ал кимдин калкалоосунун астында бул операцияларды жасаган? Албетте, бул катардагы банк кызматкерине да белгилүү, ал убакта жеке Атамбаевдин же анын жакындарысыз мындай миллиондогон суммадагы операциялар болмок эмес. Негизинен 100 000 доллардан ашкан акча которуу болсо, ал дароо шек жаратып, каттоого алынат. А Саймаити беймарал миллиондогон долларларды которуп келген. Эми бул боюнча баарына “айыптар” кадалып, бирок негедир атамбавчилерге эч ким унчукпай келишет. Балким ошол “унчукпагандар” да кандайдыр бир үлүштө олтургандыр. Албетте, азыр бул маанилүү эмес, бирок, далил далил боюнча калат.

Эми негизги темага келели. Өлкөдө чуу жараткан 700 млн доллар каяктан келген? Ал Кыргызстан элинин уурдалган акчасыбы же?..

Төмөнкү видеодо биздин жашоодо акчалар кантип, кандай жолдор менен кайда агып жатканын түшүнсөк болот.

Жогоруда айтып өткөндөй Өзбекстанда акча которуу операциясы өтө оор же миллиондогон долларларды четке чыгаруу такыр эле мүмкүн болбогондуктан, ал жактагы ишкерлер ар кандай жолдор менен: мүшөктөп, чемодандап, автоунаалардын ар жерлерине катып Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылышат. Кармалбай Кыргызстанга “аман-эсен” келип алган миллиондор албетте, мындан ары биздеги банк системасы аркылуу дүйнөнүн каалаган банкына которула алат. “Крыша” болсо, албетте.  

Саймаити дал ушул мүмкүнчүлүктү толугу менен, кеңири колдонуп келген, болгондо да Атамбаевдин жеке калкалоосу менен. Алар муну менен керек болсо бир күндө миллиондогон долларлар пайда таап турушкан.

Бирок, Саймаитинин бул “ишмердүүлүгү” Батыштын атайын кызматкерлерин кызыктырбай койгон эмес. Аны маалымат алыш үчүн коркутушкан, башын айланткан, анан керектүүсүн айттырып алышкан соң, иштин аягын жабуу үчүн аны менен “эсептешип” коюшту. “Мавр өзүнүн ишин кылды - мавр эми “кете” берсе болот”.

Ишенбесеңер мына, менин сөздөрүмө далил видео. Мында кошуналар накталай миллиондогон акчаларды адалдоо, же сыртка которуу үчүн кантип Кыргызстанга чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Владимир Петров.

Последние новости