www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул табышмактуу маалымат Жаңы-жылга чейин эле социалдык тармактарда пайда болгон.  Жаратуучулар жасалма адамдар тууралуу кеңири айтпай, кызыктыруучу публикацияларды жарыялоо менен гана чектелишүүдө. 

Samsung компаниясы жаңы техникасы-жасалма адам менен Лас-Вегастагы (АКШ) эл аралык көргөзмөдө тааныштырат.  Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыгышты.

Жаңы өндүрүш NEON деп аталат жана виртуалдык адамдын эмоциясы жасалма интеллектке негизделген. Долбоордун Twitter баракчасына  бир нече жасалма адамдын сүрөтү жарыяланды. Кийинчерээк ал сүрөттөр өчрүлгөнү менен колдонуучулар аны сактап калганга жетишип, YouTube каналына жарыялашкан.

Маалыматтарга караганда, өндүрүш компютердик анимациядан алыс, бул жасалма адамдар табигый адамдардан айырмасы дээрлик жок. Өндүрүштү гид, катчы, теле алып баруучу, жана кабылмада туруучу администратор катары колдонсо болот.

CES 2020 көргөзмөсүндө көрсөтүлүүчү жасалма адам жөнүндө долбоордун жетекчиси Пранав Мистри  Twitterдеги баракчасына: “ CORE R3 демоверсиясы иштейт жана тааныштырылууга даяр. Азыр жасалма адам өз кыймыл-аракетин  көзөмөлдөй алат. Бир канча тилде маектешет”,-деп билдирген ал.

 

 

Мистри постуна жасалма адам деп болжолдуу түрдөгү аватарлардын бирөөсүнүн сүрөтүн тиркеген. Эл аралык IT-жетишкендигине арналган Consumer Electronics Show (CES) 2020 көргөзмөсү 7 январда  Лас-Вегас шаарында башталып, 10-январга чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости