www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер тилке талашынан чыккан чыр. Ташматовдор сотко таянып, Мырзалиевдерди кордоп жатабы?

NazarNews маалымат агенттигине Талас облусундагы Талас районуна караштуу Кара-Дөбө айылынын тургундары Чынар жана Дайыр Мырзалиевдер мыйзамсыз тартылып алынган үйүн жана жер тилкесин айтып кайрылышты. 

Алардын айтымында, үйүн жана жер тилкесин мыйзамсыз түрдө тартып алууга облусттук соттор, жер адистери жана облус прокуратурасы катышкан. Мындай көрүнүш 1998-жылдан башталган. Алар 2011-жылынан баштап басмырлоо, күч колдонуу, коркутууларга дуушар болушкан. 

Чынар Мырзалиеванын айтымында, алар жер тилкени 1995-жылы Лира Тантабаева аттуу айымдан сатып алышкан. Алардын кошунасынын участогу Ташматов Уландын атасы Темир аттуу адамга тиешелүү экени белгилүү болгон. 1998-жылы аларга катарлаш Улан Ташматов үй салган. Алар кошуна эмес, туугандардай ысык мамиледе болуп, электр энергиясы менен бөлүшүп, тамак-аш ташып, ынтымактуу жашап келишкен.

Ташматовдордун кылыгы...

1957-жылы туулган Улан Ташматов "майлуу" кызматтарда иштеген. Тагырагы, ал Талас районунун акимиятында инспектор, кийин Талас облустук администрациясынын бөлүм башчысы, "Жер үй" алтын комбинатында координатор болуп эмгектенген. Учурда эмгек өргүүсүндө. Анын жубайы Жамал Ташматова Талас облусундагы банктардын биринде башкы бухгалтер. Алардын эрке-талтаӊ баласы Асман Ташматов учурда "Жер үй" алтын комбинатында склад башчысы болуп иштейт. Ал Мырзалиевдердин үй-бүлөсүнө машина менен кол салууга көп жолу аракет жасагандыгы айтылууда.

2011-жылы, ноябрь айында Ташматовдор: "Жер участогума Мырзалиевдер кирип кетти" деп сотко арыз жазышкан. Жер талашуу ошондон башталган. Алардын жер талашуу ызы-чуулары жалгыз гана Мырзалиевдердики эмес, башкалардыкы да бар. Казыбек Жапаркуловдун участогу да Мырзакеевдердикине окшош сценарийде, 1999-жылдан бери тартып алуу менен алектенип келатат. 

Чынар Мырзалиеванын айтымында, Ташматовдор 1998-жылы алардын жанына кошуна болуп көчүп келгени менен он жыл бою үй салышкан эмес. Анткени, ал учурда Жамал Ташматова (банкта иштеп турганда) "ири суммадагы акча уурдоо" беренеси менен суракка тартылып, иликтөөлөр жүргөн. Качан гана Улан Ташматов "Жер үй" алтын кенинде иштей баштаганда "ити чөп жеп", үйүн толугу менен бүтүргөн. Башкалардын да участокторуна көз артып, тартып ала башташкан. Азыркы маалыматтарга караганда, Улан Ташматодун Чкалов, Калба айыл өкмөттөрүндө да участоктору бар.

"Сатылган" соттор, милициялар...

2017-жылы 24-сентябрда, Талас райондук сотунун төрайымы Гүлнара Абылкасымова участокторго тиешелүү тергөө ишин жүргүзгөндө, Ташматовдун 12 сотых ашыкча жер тилкеси бар экенин аныкталган. Андагы ишти калыс тергеген Абылкасымова: "Ташматов Улан 7 жылдан бери силерге жөн жерден көйгөй жараткан экен, эми антпейт, тынч жашай берсеӊер болот", - деген. Тилекке каршы, андан көп өтпөй, ал башкача чечим чыгарган. Тагыраагы, ошол эле жылдын, 9-ноябрында "Мырзалиевдер эки жер тилкесинин ортосунан 1,80 метрге артка жылуусу керек!" деген чечим чыккан. Көрсө, Абылкасымова менен Ташматовдор абдан жакшы мамиледе болгон.

Сотторго таяндыбы же кайдан, айтор, 2018-жылы Ташматова Жамал бир топ балдар менен барып, Мырзалиевдердин үй-бүлөсүнө кол салган. Мырзалиев Аргенди ур-токмокко алышкан. Бул иш боюнча милицияга, сотко арыз менен кайрылышканда, алар жабырлануучуларга эмес, тескерисинче, Ташматовдорго жан тартып, Чынара Мырзалиева менен баласы Аргенди "кылмышкерлер" деп атап, "Ташматова Жамалга кол салган" деп айып тагышкан.

Кол салуу коркунучу...

Асман Ташматов 2018-жылдын 5-майында Арген Мырзалиевди, 1-июнда Чынара Мырзалиева менен кызы Анжеликаны, 17-июнда жолдошу Дайырды машина менен кубалап, сүзүүгө аракет кылган. Жабырлануучулар бак-даракты, аӊгек- дөӊгөктү аралай качып, араӊ кутулушкан. Бул тууралуу да милицияга арыз менен кайрылып, эч кандай жардам ала алышкан эмес, Асман Ташматов болсо мыйзам чегинде жоопко тартылган эмес.

Ур-токмокко алынып, айласы кеткен Мырзалиевдер жер талаштан чыккан чырга чекит коюу максатта Ташматовдорду сотко беришкен. Чүй обулстук сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы жер талаш боюнча бир жылдын ичинде үч сот отурум өткөргөн. Бирок, сот жабырлануучу тарапты бир дагы жолу отурумга чакырган эмес. Сот отуруму Ташматовдун ИИМдеги тааныштары менен сатылган прокурорлор менен гана өткөн. Былтыр да, 2019-жылдын 21-майында Эркебаев А.Н, Балкыбекова Д.А жана Чекирова А.М аттуу судьялардын жетекчилигинде сот отуруму болуп, жабырлануучулардын катышуусуз, мыйзамсыз "Мырзалиевдердин жер участогунан 1,8 метр жылсын!" деп чечим чыгарышкан.

Учурда Калба айыл өкмөтүнүн жер адиси болуп иштеп жаткан Т.Үмөталиев жана Мамкаттоо өкүлү Асаналиев. К, архитектуранын өкүлү Молдосунова тээ башынан бери эле, сот отурумдары башталган бери Ташматовдорго колдоо көрсөтүп келишет. Алар сотко туура эмес схемаларды чийип көрсөтүшкөнү аз келгенсип, күбө катары суракка алынганда, жалган маалымат берип, сотторду ынандырууга болгон аракетин жумшап келишет. 

Үлбүрөгөн акыркы үмүт...

Акыйкат издеген Мырзалиевдер арыз менен сотко кайрылып эле келатышат. Жаӊы ачылган фактылар боюнча кайрадан сот иши башталып, угуу үстүбүздөгү жылдын (2020-жылы) 21-майында болуп, кайрадан эле сот Чекирова, Эркебаев жана Балкыбекова жабырлануучулардын арызын канаттандырган эмес. Алардын мындай чечимине нааразы болгон Мырзалиевдер Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылышкан. 26-ноябрда сот отурум болоору күтүлүүдө. Жогорку Сот Акыйкат чечим чыгарып берет деген чоӊ үмүттө. 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости