www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда 10-ноябрда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин маселеси боюнча атайын депуттаттык комиссияны түзүү боюнча сунуш киргизди.

Буга чейин массалык маалымдоо каражаттарында ишкер Саймаити Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаттары менен бизнес-өнөктөш экендиги айтылган. Андан сырткары, Ош аэропортундагы 2014-жылдын 27-декабрындагы 5-6 миллион долларды кытайлык ишкерлерден карактап кеткендерди дал ушул Алтынбек Сулаймановдун тобуна байланыштыра башташкан. Ал эми багыттоочу адам катары Айеркен Саймаитинин ысымы айтылган болчу.

Көп өтпөй интернеттен аталган адамдар БАЭнин жэгиндеги яхталардын биринде шаңдуу отурушта отурган видеосу интернетке тараган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости