www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айкырчаак аялдарга «аялуу» суроолорду жолдойлу. Чапкан жерден эле көз чыкпайт да, туурабы?... 

Бейөкмөтчү Рита Карасартова көп учурда эмоцияга алдырып, бийлик органдарына жалаа жапканга далбастап, андан пиар жасап, кара жанын карч урганы эмнеси? Мамлекетибизди каралоо үчүн чет элден алган миңдеген доллар-байларын актоого жан сабай береби? Рита айым кымбат ресторандардан тамактанары, 7 миң долларга чейин маяна алганы жалганбы? Батыштын гана кызыкчылыгына алдырбай, өнүгүү боюнча да ойсунуш айтса болбойбу? Жоок, беттен алып эле каралоону катырсаң, ошого жараша капчык кампаябы?..

Ал эми Ирина Карамушкина болсо, кыргыздардын улуттук баалуулуктарына шек келтирип, коомчулукту козутууга ар дайым «арылдап» чыкканы кандай? Бул аялдын көзүнө Атамбаев гана «периште» көрүнүп, ыңгайы келсе эле дүрбөлөң салууга жулуна береби? Кой-Таш окуясында кандай аракеттерге барганы, анын айынан кылмыш ишине да илинди го? Эгерде Карамушкинанын «бир жерине» күч келсе, Россияга ооп кетери кеп эмеспи?

Айтор, бул айымдарга мамлекеттин туруктуулуту, өнүгүүсү эмес, чыр-чатак гана керекпи? Экөөнөн коомчулук деле тажап бүткөндөй, акылдарына качан келишет? Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости