www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү коомчулукту гана эмес Жогорку Кеңештин депутаттарын да дүрбөлөңгө салды.

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депуттары Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек Сулайманов жана Жанар Акаев Саймаитинин өлүмү тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жаткандыгын айтып, депутаттык комиссия түзүлсүн деген сунушун айтышты.

Эске сала кетсек, Саймаитинин Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы боюнча жаңы жагдайлар чыккан.

NazarNews агенттиги Эркин Сопоковдун «Фейсбук»  социалдык баракчасынан  Эркин Семет менен аттуу-баштуу саясатчылар менен достугу бар экенин жазып чыккан.

Эске сала кетсек, Кытай жараны, уйгур тектүү Айеркен Саймаити жакында Түркияда атылып өлтүрүлгөн. Анын ысымы алгачкы жолу "Азаттыктын" Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткен материалында айтылган. Андан сырткары, ал “Алдамчылык” иши боюнча айыпкер катары өтүп, ага байланыштуу укук коргоо органдары ага издөө жарыялашкан.

Анын “Алдамчылык” ишинде канчалык ролу болгонун эми укук коргоо органдары негизги фигуранттын катышуусуз тергөө иштерин жүргүзөт. Бирок анын башка чуулгандуу иштерге болгон байланышын изилдеп чыгуу ашыктык болбос. Алардын бири - 2014-жылы Ош аэропортундагы ишкерлердин көп суммадагы акчасын карактоо.

Белгилей кетсек, анда Ош аэропортунун VIP-залына белгисиз куралчан адамдар кирип, өздөрүн “Спецназдын” кызматкерлерибиз деп тааныштырып, «Асман-Тур» фирмасынын директорун колундагы беш баштыгы менен белгисиз жерге алып кетишкен. Кийин Ош облусунун ИИББ ал баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгондугун аныктаган.

2015-жылдын май айында күч органдары ал ишке байланыштуу 7 адамды кармагандыгын маалымдаган. Бирок, анын уюштуруучусу жана багыттоочусу ким болгондугу сыр бойдон калган.

Эми Саймаитиге кайрылалы. Анын өлүмү көптөгөн жоромолдорду жаратты. Бул уйгур ишкерин жок кылууга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дагы тиешеси болушу мүмкүн. Эмнеге? Себеби, жанагы “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү 700 миллион доллар дал ушул Атамбаевдин учурунда өлкөдөн чыгып кеткен. Андан сырткары, бардыгыбыз билгендей Атамбаевдин Түркияда мейманкана ж.б. бизнес-империясы бар.

Бирок, бир убакытта кыргыз прессасында Ош аэропортундагы карактоого учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун тиешеси бар деген божомолдор айтылып жүргөн. Анда аны эч ким ачыктан ачык координатор деп айыптаган эмес. 2014-жылы Сулайманов депутат болчу. Органдын картотекасында “Челюсть” каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет катары өткөн. Анан калса, 2015-жылга белгиленген парламенттик шайлоого кошумча каражат абадай керек болгон.

Ош аэропортунан каракталган акчалар Кара-Суу базарында соода кылган кытай ишкерлерине таандык болчу. Чоң суммадагы акча. Бул каражатка ээлик кылып калууну көбү көздөгөн.

Ал карактоодон кийин эле интернетте Алтынбек Сулайманов кызыктуу бир адамдардын коштоосунда Араб Эмиратындагы яхтанын ичинде жыргап, “кайф” кармаган видеосу жарык көрдү. Бул “көңүлдүү кечеде” аны коштогондордун бири - самбо боюнча спорт чебери Замир Сыргабаев. Бул дагы милициянын картотекасында Кызыл-Кыя ОПГнын лидери катары каттоодо турган.

Айрым божомолдор боюнча, бул эс алууда алар дал ушул Ош аэропортунда ийгиликтүү аяктаган карактоону “жууп” жатышкан.

Ал эми кытай ишкерлеринин акчасын өлкөдөн чыгарууну дал ушул Айэркен Саймаити колго алган. Ал кайсы кытай ишкери акчаны качан, канча сумманы жана ким аркылуу жөнөтөөрүн жакшы билген. Саймаити кытай товарларынын акчасы биздин өлкөдө калкып калбай, кайра чет жерге чыгып кетүүсүнө көмөк көрсөткөн адамдардан болгон.

Кытай ишкерлери Саймаитиге ар дайым бардык маселелер боюнча ишеним артышчу. Бирок 2014-жылдын 27-декабрындагы карактоо көп нерсенин аягынын башаты болду. Соодагерлер жөнөкөй калк эмес. Бул чуулгандуу окуядан кийин алар акчалар тууралуу маалымат ким аркылуу кеткендиги боюнча өзүлөрүнүн иликтөө иштерин жүргүзүшө башташты. Ошентип соодагерлер Саймаитинин изине түшүштү. Анын изине түшкөндөр Сулайманов тууралуу дагы маалымат ала башташты. Бирок алардын бүдөмүк ойлорун бир гана Саймаити ырастап же четке кагып бере алмак. Ал эми Саймаити анын артынан таасирдүү адамдар түшкөндүгүн туюп, Кыргызстандан качып кеткен.

Белгилей кетсек, Айэркен Саймаити депутаттар Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулайманов менен Ош шаарында көп жылдар бою бирге иштешкен. “Азаттыктын” чуулгандуу иликтөөсүндө эмнегедир Саймаитинин бизнес-өнөктөштөрү тууралуу кеп козголгон эмес. Анын авторлору бул фактыны билген эмес же болбосо атайылап эле элге чыгарган эмес. Бирок факт факт бойдон калат. Саймаити өзүнүн эле “досторунун” курмандыгы болду.

Фейсбуктагы сүрөттө көрүнүп тургандай ЖКнын депутаты Дүйшөн Төрөкулов (каймана аты Душка) Айэркен Саймаити менен бирге Ош шаарынын чайханаларынын биринде чай ичип, даам сызып отурушат.

Белгилүү болгондой, Саймаити өзбек жана тажик ишкерлеринин акчасын БАЭ жана Түркияга которуп, өз үлүшүн алып турган. Анын акыркы курьерин Түркияга акча которууда Бишкек аэропортунан өлтүрүп, унаанын "багажнигине" салып кетишкен. Ал эми кылмышкерлерге багыттоочу маалыматты ким берген, акыркы 10 жылда “робингуддарды” ким багыттап турган? Өзүңөр деле жакшы түшүнүп калдыңар көрүнөт, деген маалыматты Сыргак Абдылдаев http://respub.kg/ сайтына жазып чыкты.

Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын маалымдаган.

Эркин Семеттин жарыяланган постторунун арасында «Рамадан Туризм» фирмасын визиткасынын сүрөтүн табууга болот. Ал визиткада «Рамадан Туризмдин» башчысы Эркин Семет экени жазылып турат. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Саймаити өлтүрүлгөн жерден табылган машиненин ээси мурдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин, автоунаасын ал «Рамадан Туризмге» сатуу үчүн бергенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости