www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери аялды уурдоого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-ноябрында шаардык №4 ооруканасынын дарыгерлеринен “жабык баш сөөк жаракаты, баш мээси чайкалып жана төшүнөн жаракат алган” деген диагноз менен Ж. Н. аттуу аял түшкөнү тууралуу милицияга маалымат түшкөн. 
Жабырлануучу Октябрь райондук ИИБине Эсен деген адамдын үстүнөн арыз жазган. Жабырлануучунун айтымында, жогоруда аталган жаран үч күн бою “Көк-Жар” жаңы конушунда аны камап, мезгил-мезгили менен сабап турган. 
Аталган факт Октябрь районунун ИИБинин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, “Адам уурдоо” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Ошондой эле тиешелүү соттук-экспертиза дайындалган. 
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1972-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук ИИБине жеткизилген. Октябрь райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны СИЗОго эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарган. 
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости