www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалы Карашев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: "Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок", деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

- Аалы Азимович, мыйзамга жергиликтүү кеңештерге жогорку билими барлар гана шайлана аларын белгилеген норманы киргизүү сунушталууда. Укуктук жагынан алганда бул туурабы?

- Бир жагынан туура. «Жергиликтүү кеңештердин деңгээли көтөрүлсүн, сапаттуу болсун» деген ой турат. Бирок, ошол эле мезгилде «жалаң эле жогорку билимдүүлөр шайлансын» дегенге мен каршымын. Биздин Конституцияда «ар бир адам шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп жазылып турат. Бизде жөнөкөй эле кишилер бар, б.а. чабан, фермер, айдоочу болуп иштеген. Бирок, алардын аброю жогорку билимдүүлөрдүкүнө караганда бийигирээк. Эл балким ошолорду шайлагысы келээр? Ошондуктан, «жалаң жогорку билимдүүлөр дебей, атайын орто деп жазсак туура болот» деген ойду айткым келет.

- Кээ бир кесиптештериңиз «муниципалдык кызматтарда иштеген кызматкерлер жергиликтүү кеңештерге шайлана алат» деген норма киргизилгени коррупцияга жол ачышы мүмкүн» деп кооптонуп жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?

- Айыл өкмөттөгү он бир кызматкерден балким, бешөө депутат шайланып калышы мүмкүн. Анда кандай болот? Өздөрү жасаган иши тууралуу отчетту өздөрү алып калышыбы? Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлаганда, анын отчетун алганда, же бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту укканда, ар кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Коррупцияга жол ачылышы ыктымал. Демилгечилер «Жогорку Кеңеште деле премьер-министр, биринчи вице-премьерлер депутат болгонго укуктуу го?» деп айтып атышпайбы. Алар эки эле киши. Эки киши бүтүндөй парламенттин чечимине таасир этип, погода жасай албайт. Анда жергиликтүү кеңештерге деле бир же эки гана киши болсун (!) деп чектөө киргизиш керек. Айтор, тобокелчиликтер көп. Бул бир жагы. Экинчи жагы, эгер уруксат берсек, баарына, мамлекеттик кызматтарда иштегендерге да уруксат берели.

- «Мурда соттолгон киши аким боло албайт» деген чектөө туурабы?

- Менимче, ал кылган кылмышына жараша болушу керек. Эгер коррупция же башка оор кылмыштар менен соттолгон болсо, алардын кызматка дайындалганга моралдык укугу жок.

- Айталы, пара алып соттолсо...

- Андайлардын кайра кызматка келишине жол бербөө керек, деген Аалы Карашев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости