www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бугун чыгарып алды окшойт. Себеби ага буга чейин өкмөт “оппозиция сунуш бербей жатасыңар, берсеңер болбойбу?” – деп койгон окшойт сыягы, бүгүн ал аткаруу бийлигинин сынына жооп берди. Анда ал конкреттүү сунуштарын жайнатты.
Айтсак, Төрөбаевдин баамында Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин экономикабыз кайра чалкасынан кетип баратыптыр. Унга болгон баа күндөн күнгө кымбат, биримдикте акчанын тоскоолдуксуз жүгүрүү эрежеси иштебей, кыргыз мигранттарынын акча которуусуна чектөө киргизилген, үчүнчү өлкөдөн ташылып келген унаалар үчүн бажы төлөмдүн он эсеге көтөрүлүш ж.б.
Андан сырткары, ал өлкөгө келип жаткан гранттарды ата-мекендик өндүрүштү колдоого алуу багытында жумшалсын деп сунуш берди. Ошентип, Төрөбаев конкреттүү, кыска бирок терең ойду айтып, коомдун, кесиптештеринин алкышына ээ болуп отурат...
Булак: NazarNews.kg