www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында кыздардын массалык мушташынын фактысы боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстоводон билдиришкендей, Жаңы-Жол айылындагы Ж. Мамытов атындагы №13 орто мектептин 10-11-класстарынын окуучу кыздарынын мушташына райондук билим берүү бөлүмүнүн жетишсиз иши себеп болгон. Эске салсак, 18-ноябрда саат 17:30 чамасында Аксы районун Жаңы-Жол айылында 20дай мектеп окуучулары мушташкан. Күбөлөр окуяны видеого тартып, социалдык тармактарга таратып жиберген.
Учурда милиция кызматкерлери бул мушташ боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Булак: NazarNews.kg