www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда бир аптадан бери кызуу талкууга алынып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча “ызырынган” пикирин билдирди.
"Кытай жараны Саймаитинин өлүмү боюнча көп сырдуу, жаңы нерселер ачылып жатат. Мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу күчтөр болуп өткөн маселени башка жакка бургусу келип жатат. Бул маселени иликтеп, Саймаити ким, Кыргыз мамлекетине кантип келген, Кыргыз паспортун, дипломатиялык номерди кантип алган, кимдер менен жакын болгон, кимдер менен душман болгон, ушул нерсени иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм", - деди Алтынбек Сулайманов.
Айбатын ичине араң катып сүйлөгөн Алтынбек Сулаймановду ары жактан секирип чыга калган кесиптештери Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров толугу менен колдой турганын жар салды. Депутат Сулайманов "Бир Бол" фракциясы депутаттык комиссия түзүү үчүн чечим даярдап жатат деп коомчулукка жар салды.
Эске сала кетсек, 10-ноябрь күнү Түркиянын Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини атып кетишкен. Жыйынтыгында анын өлүмүнө шектүү катары 4 адам камакка алынган. Тилекке каршы Саймаити айдап жүргөн Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыккан. Жыйынтыгында ал КР президенттин жарлыгына ылайык кызматынан айдалган.
Булак: NazarNews.kg