www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Чыңгыз Айтматовдун Брюсселдеги кыргыз элчилигиндеги кабинетин көрсөттү.

Султан Раевдин айтымында, аталган имаратта Чыңгыз Айтматов 10 жылга жакын Кыргыз Республикасынын Элчиси болуп иштеген.

Брюссель. Кыргыз элчилиги… Бул имаратта Чыңгыз Айтматов 10 жылга жакын Кыргыз Республикасынын Элчиси болуп иштеген. Бул тек гана кургак хроника. Ал эми руханий чен өлчөмдөн алып караганда Улуу жазуучу улуу ойлор менен алпурушкан ой ордосу деп айтаар элек.

Чыкем нукура табиятынан Улуу дипломат, адамгерчилик менен акылдын, ойдун улуу дипломаты болгон. Бу имаратка не деген дүйнөлүк залкарлар келип Айтматов менен адабият, Кыргызстан жөнүндө сөз учугун улабады… Залкар турган жер руханий галактикага айланды. Айтматовдун ысмы менен байланышкан жер рух тумарындай сезилет… Брюссель. Элчилик. Айтматов… Мына ушул үч сөз бири- бири менен бекем байланышкан. Мына ушул үч сөздө Жазуучу жашады, чыгарма жаратты… Ой-санаага батты…

«Адамга эң кыйыны - күн сайын Адам болуу!..» деген Улуу сөз да так ушул мезгил аралыгында айтылып, бизге, баарыбызга Улуу насаат, Улуу суроо бойдон калды…», - деп билдирүү калтырган Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости