www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын өкмөт парламентти тоготпой калды деген сынына жооп берди.

Ал эл өкүлдөрүнө сый-урмат чоң экенин, чыгарган мыйзамдары аткарыла турганын белгиледи. Буга катар 29-июндагы жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип суроолорго түнгө чейин жооп берип отурганын эске салды.

"Акыркы бир мисалды айтып коёюн, сиздер сессияны аяктап жатканда Акылбек Үсөнбекович алты айлык отчёт берди. Урматтуу депутаттар, сиздерди мактап коёюн, ошол күнү аябай көп иштедиңиздер. Саат 23:15ке чейин иш болду. Мен Жогорку Кеңеште 20 жылдан ашык эмгектенип калдым, бир да жолу саат 23:15ке чейин сессия болгон эмес. 70ке жакын депутат чыгып сүйлөдү", — деди Абытов.

Ошондой эле ал күн тартибиндеги маселелер боюнча чакыртылса өкмөт толук курамда келип жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости