www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тарашын мен биринчилерден болуп колдойм. Мындай пикирин депутат Адахан Мадумаров парламенттин жыйынында билирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, азыркы чакырылыштын парламентте отуруп иштөөгө маралдык укугу жок.

«9 ай ичинде өзүнүн ички эрежесин эптей албаган Жогорку Кеңештин элге пайдасы тиеби? Жок! Конститутция боюнча башка ыкма менен жашашыбыз керек, регламент эски Конститутция менен... Ашмалтайдын бардыгы Жогорку Кеңештин өзүнөн чыгып жатат. Тартиптин жоктугун, регламенттин бузулганын көрүп турабыз, регламентти бузуп да мыйзамдарды кабыл алуудабыз. Өзүбүз сактабаган мыйзамды биздин өзгөдөн талап кылууга маралдык укугубуз барбы? Жок.

Депутаттар эл барып жолуктук. Жарым жыл иштебей жатып, эл арасында Жогорку Кеңеш тарасын деген кептер тарады. Муну мен биринчилерден болуп колдойм. Себеби биздин бул жерде отуруп иштегенге укугубуз жок. Мына регламентке каршы пикир келди деп жатат», - деди Мадумаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости