www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон.

Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды. Президенттикке 17 талапкер ат салышкан.

БШК Садыр Жапаров президенттик шайлоодо женгенин расмий жарыялады. 

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда, саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Президенттик кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басарлары болушту.

Жапаровдун ант берүү аземи өткөрүү боюнча долбоордо бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралган. 

Ошондой эле, аталган аземинге чакырылган коноктордун ичинен акимдер, мамлекеттик жетекчилер, чиновниктер аз санды гана түзө турганын, коноктордун дээрлик 70 %ы шайлаган эл болорун кошумчалашты.

Мындан сырткары экс-президенттер, парламенттин экс-төрагалары, экс-премьер-министрлер жана президенттикке ат салышкан талапкерлер чакырылган.

Эң сыйлуу конок катары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев келээри күтүлүүдө.

Учурда борбор калаада катуу даярдыктар жүрүүдө. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев шаардын тазалык жагын камсыздаарын айтты.

--“Мен уюштуруу комитетинин мүчөсүмүн. Шаардын тазалыгы, жасалгасы мага жүктөлдү. Азыр ушулардын үстүнөн катуу иштеп жатабыз. Кызматкерлер эс алуусуз эмгектенип жатышат. Ал эми башка уюштуруу жагы калган мамлекеттик органдарга берилди. Буюрса 28-январда ойдогудай болот деп ишенем”, - дейт Түлөбаев.

Ал эми Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында Улуттук гвардиянын жоокерлери салтанаттуу иш-чарага даярдыктарды көрүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости