www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги акын, тележурналист, Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, түзүлө турган жаңы өкмөт жана анын курамы боюнча баарлаштык.

- Сонунбүбү эже, Садыр Жапаров премьерлик кызматтан кетип, ал жетекчилик кылган өкмөттүн жалпы курамы отставкага кетти. Садыр Нуркожоевичтин мурдагы жеп-ичкен деп эл жээриген адамдардан арылууга, жаңы жүздөрдү  кызматка тартууга күчү жетеби?

- Азыр мурдагы тапталган жолдон баш тартып, ойго келбеген өзгөрүүлөр болушун эл дагы, жалпы дүйнө эли да күтүп турган кез. Садыр Нургожоевичтин келиши анча-мынча дүйнөлүк лидерлердин эсин эки кылды. Алар эми мындан аркысы кандай болор экен, өзгөчө башкаруу системасын алып келип орното алар бекен, ошого дарамети, акылы жетер бекен деп сынап карап турушат. Ушундай кырдаалда кадр тандоодон жаңылбай өзүндөй мекен үчүн күйгөн жалындуу, кесипкөй, жаңычыл, эски стереотипти буза ала турган чыныгы реформаторлорду таап чыгып, өзүнө команда түзүшү керек.

- Өкмөт мүчөлөрү кандай критерийде тандалса деп ойлойсуз?

- Аларды тандоонун жолдорун өзү айткандай конкурстун негизинде тандалышы керек. КТРК каналынан "Эл бийлиги" деген көрсөтүү ачылып, конкурс ошол жерден түз эфирден чагылдырылып, өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрү элдин берген суроолоруна жооп бергенине жараша тандалса жакшы болмок.

-Өкмөт башчылыкка ким келсе, жаңы өкмөттүн курамында кимдер болсо, мамлекеттин ишин илгерилешине салым кошот эле деген ойдосуз?

- Премьер министрлик кызматка жерине карабай, чыныгы чарбачыл жана кесипкөй, иштин көзүн билген адам дайындалса туура деп ойлойм. Өкмөттүн курамында Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Марлен Маматалиев, Темирлан Султанбеков, Айнура Алтыбаева, Артём Новиков, Наталя Никитенько, Аида Касымалиева, Элвира Сурабалдыева, Чыңгыз Айдарбеков, Максат Мамыткановдор болсо жакшы болмок.

- Садыр Жапаров атаандаштарын инагурацияга чакырганы мындан ары ынтымакта иш алып баралы деген аракети деп болжосок болобу?

- Инаугурацияга атаандаштарын чакырганы жакшы көрүнүш. Ынтымакка жол ачылат. Садыр Нуркожоевич керек болсо президенттик шайлоодогу атаандаштарынын ичинде иштин көзүн таба ала турган, билимге сугарылган, элге кызмат кылсам деген билимдүү кандидаттар менен кызматташса да болот. Мисалы экономикалык багытта Жеңишбек Байгутиевдин жакшы ойлору бар экенин көрдүк. Аймен Касенов, Элдар Абакиров, Имамидин Ташовдор да мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошо турган программаларына күбө болдук. Мына ушулар менен бир команда болсо болот деген сөздөр эл арасында да айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости