www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул аптада Кытайдын Ухань шаарында коронавируска байланыштуу карантин жарыяланганына туура бир жыл толду. Ухань шаарында 2020-жылдын 23-январында катуу карантиндик режим киргизилген. Бүгүн Ухандын жашоочулары көчөлөрдө беткапсыз жүрө алышат.

Маалыматтарга караганда, шаарда пандемияны жеңгендин белгиси катары музей дагы ачылган. Коронавирус музейи буга чейин COVID-19 бейтаптары дарыланган ооруканада уюштурулган.

Белгиленгендей, көргөзмөдө өлкөнүн дарыгерлери жана ыктыярчылар оору күч алган мезгилде кийген формалары көрсөтүлдү. Көргөзмөдөгү сүрөттөр менен документтерде вируска каршы күрөштүн хроникасы чагылдырылган. Ошондой эле көргөзмөдө пандемияга каршы күрөштө курман болгондорго арналган өзүнчө бөлүм бар.

"Ухань эли көп нерсени башынан өткөрдү, алар чындыгында сонун адамдар. Алар шаарды обочолонуп жатып, өз эркиндигин курмандыкка чалышты. Алар Кытайдын пандемияга каршы күрөшүнө чоң салым кошушту" деди көргөзмөнүн коногу Чен Дази.

Шаардык администрация коронавирус темасын Ухань шаарына туристтерди тартуу үчүн колдонууну көздөп жатканы айтылууда. Алардын айтымында, Ухань COVID-19 туулган жери катары бүткүл дүйнөгө белгилүү. Маалымат үчүн, шаардагы COVID-19 эпидемиясы 2019-жылдын декабрь айында башталган. Андан кийин, Кытай чиновниктери ири мегаполисте катуу карантин киргизип, ошондой эле адамдардын өз кварталдарынан чыгуусуна тыюу салышты. Ар кандай божомолдор боюнча, коронавирус Ухандагы деңиз азыктары базарында пайда болду. Бирок эксперттер бул маселе боюнча акыркы жыйынтыкка келе алышкан жок.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости