www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап Тотогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. Бул тууралуу маалыматты Адинай Марипова соц тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ага кошумча “Садыр Жапаров, 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, президент болгондон кийин баарынан МАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот”, деп кошумчалаган.

Кечээ, 21-январда түштөн кийин Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылып, социалдык тармакта бул көрүнүш кызуу талкууга алынган эле.

Эске сала кетсек, БШК 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, шайлоого келген элдин 79,20% добуш менен Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды.

Баса, инаугурация ушул жылдын 28-январында болуп өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости