www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия тарабынан чыгарылган биринчи Су-57 согуштук учагы өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Орусиянын Хабаровск шаарынын администрациясы жасаган билдирүүдө, шаардагы Комсомольск-на-Амуре авиация заводунда чыгарылган биринчи сериялуу Су-57нин орус армиясына жеткирилгени маалымдалды.

Учактын өлкөнүн Кара деңиз жана Каспий деңизинин чек арасындагы Түштүк аскердик округундагы бөлүккө жеткирилгендиги кабарланган билдирүүдө: «Жылдын аягына чейин 5-муундагы 5 даана Су-57 учагы Комсомольск-на-Амуре тарабынан орус армиясына тапшырылат» делди.

Билдирүүдө, учак жайгашкан шаар тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок. Орусиянын Өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын аягына чейин 22 даана Су-57 учагы орус армиясына тапшырылат. Орусия Федерациясынын Аба күчтөрү үчүн 5-муундагы согуштук учак катары иштелип чыккан Су-57; учуу аралыгы, ылдамдыгы жана маневрлүүлүгү жагынан F-35тен жогору турат.

Последние новости