www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылды тосууга саналуу күндөр калды. Жыл тогошоор маалда ар бир адам өткөн күнгө сарасеп салат эмеспи. Ал эми жети дубандын элине жеткен “Жетиген” журналы салтка айланган “Жыл мыктыларын” тандоо аземин тогузунчу жолу өрткөрдү.

Аталган журналдын салтанатту иш-чарасына  Кыргызстандагы өлкөнүн өнүгүүсүнө, агартуучулукка салым кошуп, коомдун саламаттыгына кам көргөн улуу инсандар, саясатчылар, жеке ишкерлер жана кесипкөй адамдар катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө келген конокторго концерттик программа тартууланып, сыйлыктар берилди.

Жогорку сыйлыктарды “Жетиген журналынын башкы директору Абдиламит Жумашев,  легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов сыяктуу улуу инсандар  тапшырышты.

Татыктуу сыйлык алгандардын катарында “NazarNews” маалымат агенттиги дагы болду.

Анын негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлжан Шерипбаева Кыргызстандагы маалымат булактарынын ичинен сайт татыктуу деп тандалганына кубанып жатканын айтат.

--“Мен абдан кубанычтамын, мындай сыйлык баарына эле ыйгарыла бербейт. Бул менин жана  жалпы жамааттын эмгегинин жыйтыгы. Кыргызстанда алдыңкы маалымат агенттик экенин тастыктады. “NazarNews” сайты бир гана саясаттын оң-терс жактарын чыгарбастан, коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү активдүү, калыс чагылдырып, өзүнүн салымын кошуп жатат. Алдыда көптөгөн иштерди коомго алып чыгып, жакшы ийгиликтерди багындырабыз деп ишенем”,-дейт Шерипбаева.  

Журналдын директору Абдиламит Жумашев жыл сайын “Жетиген” журналы ар кыл чөйрөдөгү мыкты инсандарга наамдарын тапшырып келээрин айтат.

--“Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналы биринчи жолу кыргыз тилинде жогорку сапаттагы сыйма кагаз менен 84 бет болуп жарык көргөн. Азыр дагы пандемия шартына карабай ай сайын чыгарып, жыл ичинде жакшы иштерди жасаган адамдарды аныктадык. Андыктан журнал жыл сайын социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга салым кошкон инсандарды баалай бермекчи”,-деди Жумашев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости