www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларда кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевтердин өлкөгө келүүсү тууралуу маалыматтар коомдо ар кандай пикирди жаратып жатат. Бул боюнча жазуучу Чолпонбек Абыкеев да четте калбай өзүнүн жеке пикири менен бөлүштү:

“Учурда "качкын президенттер А.Акаев менен К.Бакиевдин күнөөлөрүн кечирип, Кыргызстанга келишине макулдук берелиби?"- деген талкуу коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Бул эртедир-кечтир козголуучу маселе болчу. Учуру келсе керек сөзгө түштү. Кыргыз мамлекети жүздөгөн жылдардан кийин эгемендикке жетип өз алдынча мамлекет болгондогу биринчи жана экинчи президенттеринин качкын-бозгун болуп чет мамлекетте жүрүшү, мезгили келгенде бул жарыкчылык жашоо менен коштошсо сөөктөрү чет жерде калышы жакшы иш эмес. Ошондуктан мекениние келип, эл арасында болгондору туура.

Бирок кандай жол менен? Бул өтө терең ойлонуучу иш. Менимче эки президент кайра мекенине кайтып келсин десек президенттин указы менен коомдук комиссия түзүлүп эки президент мамлекетти башкарып турган жылдардагы иштеген иштери ар тараптуу (экономикалык, руханий маданияттык, ички-сырткы саясаттагы жетишкендик же кемчилик, ж.б. тууралуу) терең изилденип калыс, так, туура баа берилиши керек.

Өзгөчө алар мамлекетти башкарып турганда коррупция канчалык денгээлде өнүккөнү, мамлекеттин канча байлыгы коррупционерлердин чөнтөгүнө кеткени, эки качкындын күнөсүнөн башка да тегерегиндеги чогуу иштегендердин ичинен аларга кимдер таасир бергени ачыкталышы керек.

Бул жеке эле качкын президенттердин эмес алар менен чогуу иштеп табакташ болгон нечендердин кекиртегине сөөк болоору турган иш. Минтип коомдук комиссия түзүп иштеп кеткен президенттердин ишине баа берүү менен мамлекетибиздин өнүкпөй келе жаткан өксүк жактарынын жүзүн да ачабыз.

Жыйынтыгында комиссия качкын президенттер мамлекеттен уурдай качышкан байлыктын суммасын толук ачыктоолору зарыл. Эгер качкын президенттер уурдай качышкан байлыкты толугу менен кайра мамлекетке кайтарып төгүп берүүгө макул болушса сунуш Элдик Курултайга коюлуп Элдик Курултай макулдук берсе "күнөөлөрү кечирилип, элине келишсин"- деген чечим чыгышы керек.

Алар уурдай качкан байлыктарын мекендин суусун жутуп, абасы менен дем алып эли менен өмүрүн өткөргөндөн артык көрүшүп, сөөгү туулган жеринде болушун каалашпаса анда өз эрктери. Чечим жарыя айтылып тарыхта калса "эки президентин кубалап жиберишкен"- деген ыланкы сөздөн эл да кутулат. Маселе качкын президенттердин өздөрүнүн жана тукумдарынын абийиринде калат”, - дейт жазуучу.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости