www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Улуу Британия менен аба каттамын убактылуу токтотту, мындай чечимди COVID-19 жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штаб кабыл алды. Өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарына чектөө 22-декабрдын түн ортосунан баштап күчүнө кирет. Ал бир жума бою күчүндө болот.
"Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушуна байланыштуу кырдаалды ыкчам штаб тыкыр иликтеп жатат. Аны кароонун жыйынтыгы боюнча мындан аркы чечимдер кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.
Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок өткөн аптада изилдөөчүлөр өлкөдө COVID-19дун жаңы түрүн тапкандыгын, алардын айтымында, вирус мурункусуна караганда тезирээк жайылып жаткандыгын айткан. Мутация Түштүк Африкада дагы табылган. Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирустун жаңы түрүнүн пайда болуу коркунучу бар экендигин эскертип, анын баштапкы версиясына караганда 70% көбүрөөк жугуштуу экендигин баса белгилеген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg