www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кострома облусунун Повалихинский айылдык конушунун башчысын шайлоодо жеңишке жетишкен Марина Удгодская 1-ноябрда кызматына киришти. Ишке киришкен  Марина Удгодская биринчи маегинде Марина Викторовнага эмес, айылдашы Маринка бойдон калууну каалагандыгын айткан. Бул тууралуу РИА НОВОСТИ агенттиги өзүнүн Телеграм каналына видео жүктөгөн.

"Биз сүйлөшкөндө, мурдагыдай эле, бардыгы өзгөрүүсүз калсын", - деди Удгодская журналисттин жаңы кызматтагы амбициясы жөнүндө суроосуна жооп берип жатып. Ал ошондой эле бир аз сарсанаа болгонун жана дагы деле болсо анын башчы болуп калганына толук ишенбей жаткандыгын мойнуна алды.  

Мындан тышкары, конуш башчысы буга чейин жаңы кийим-кечек алуу үчүн барып келгенин айтып, гардеробун жаңырткан. Ошол эле учурда, ал жөнөкөй күндөрү шым менен жүргөнгө көнүп калганын жана "майрамдарда гана" көйнөк кийгенин баса белгиледи.

Марина Удгодская Повалихинский айылдык конушунун администрациясында тазалоочу айым болуп дээрлик беш жыл иштеген. Ал шайлоого анын мурунку башчысы Николай Локтевдин өтүнүчү менен катышкан. Мындай кадамга Локтев креслосун эч кимге өткөрүп бергиси келбегендигинен болгон. Бирок, ансыз да Локтевге таарынып жүргөн айылдыктар Маринага 84, Локтевге 46 добуш беришкен. Күтүлбөгөн жерден айыл башчысы болгон Удгодская көпкө чейин ишене албай жүрүп, эми-эми кызматка киришти.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости